Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, жеке менчигинде 40 кой-эчкиси, үч уй, эки жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат.
"Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом. Айыл чарба жаныбарларына салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат", - деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт. Мындан сырткары, жер салыгына байланыштуу мыйзам долбоору дагы коомдук талкууга чыкты.
Токторбаев былтыр ноябрда айыл-кыштактарды дотациядан чыгарууга байланыштуу бир катар сунуштарын жарыялап, анын бир чарасы катары мал-жандыктан салык алуу керектигин билдирген.
Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80% дотацияда отургандыктан, республикалык бюджеттен каржыланып келет.
Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашуун бодо мал катталган. Майда жандык 6 миллиондон ашкан, жылкынын саны 534 миңге жакын.
Өлкөнүн ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын. (КЕ)
Дагы караңыз
Казакстанга зер буюмдарды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган адам кармалды"Акнеттин" интернет байланышы үзгүлтүккө учуроодо Апрелчилер мурдагы президенттердин келишине каршы бийликке кайрылдыПрезидент Жапаров Москвада Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат