«Акнет» компаниясынын интернет байланышы бүгүн 23-майда үзгүлтүккө учурап жатат. Болжол менен таңкы саат алтыдан бери компаниянын абоненттери интернеттеги айрым сайттар ачылбай, байланыш жакшы болбой жатканын айтууда.
Мындай техникалык мүчүлүштүктүн себеби Казакстанда жайгашкан башкы провайдердин ишиндеги техникалык көйгөйгө байланыштуу болуп жатканын «Азаттыкка» «Акнеттин» call-борборунан билдиришти:
“Бизден жогору турган провайдердин ишинде маселе жаралып жатат. Ошондуктан мындай маселе дээрлик бардык провайдерлерде байкалууда. Биздин жогорку провайдер Казакстанда, «Акнет» интернетти Казакстандан алат. Маселе эмнеде экени белгисиз. Көйгөй бүгүн чечилет деп жатабыз, бирок канча сааттан кийин азырынча айта албайбыз».
«Акнет» Кыргызстандагы ири интернет-провайдерлердин бири. Анын ишинде техникалык үзгүлтүккө учуроо буга чейин да катталып келген, соңкусу быйыл 1-мартта болгон. Компания 1998-жылы негизделген. (RK)
Дагы караңыз
Өкмөт үмүт арткан "Кыргызтранснефтегаздын" жетекчиси кармалдыАпрелчилер мурдагы президенттердин келишине каршы бийликке кайрылдыТүркиядагы шайлоонун экинчи айлампасы: Зумерлер баарын чечет Президент Жапаров Москвада Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат