Украина орус жарандары Белгороддо операция жүргүзгөнүн бышыктады

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов “Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” аскерлери Белгород облусунда “коопсуздук тилкесин” түзүү операциясын жүргүзүп жатканын билдирди. Адатта украин армиясы Орусиянын аймагы аткыланган учурлар же ал жактагы диверсиялар тууралуу комментарий бербейт.

Юсов операцияга орус жарандары гана катышып жатканын баса белгиледи.

Легион жана корпусту Орусиядан эмиграциялап, Украина тарапта согушуп жаткан орусиялык активисттер түзгөн.

Дүйшөмбү күнү Орусиянын Белгород облусунун губернатору украин армиясынын "диверсиялык тобу" Украина менен чектеш Грайворон районуна кирип келгенин билдирген. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө Вячеслав Гладков орус армиясы жана коопсуздук күчтөрү жапырыктын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүп жатканын айтты. Бул тууралуу кабарлаган Рейтерс агенттиги маалыматты бышыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес деп жазды.

“Свобода” радиосу жазгандай, орусиялык жана украиналык бир катар Телеграм-каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектешкен аймакта кармаш жүргөнүн маалымдашты. Интернетте текшерүү пунктуна коюлган чабуул деген видео чыкты. Бирок ал видеолордун канчалык анык экени белгисиз. Гладков жабыркагандар болбогонун айтып, украин тарапты “маалымат чабуулуна” айыптады. Калктын эвакуациясы тууралуу жарыяланбаганын кошумчалады.

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Киевде ал окуяларга «кызыгуу менен байкоо салып жатышканын», бирок аларга “түздөн- түз тиешеси жоктугун” деп жазды. Анын айтымында, “танктар орусиялык аскердик дүкөндөрдө сатылып жатат, партизандар отряддары Орусиянын жарандарынан куралган”.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков окуя тууралуу президент Владимир Путин кабардар болгонун айтты. Песков Белгороддогу рейдди “Бахмуттан алагды кылуу аракети” деп эсептейт. Орус бийлиги жакында Донецк облусундагы Бахмут шаарын ээлегенин билдирген, Украина толук көзөмөлдү колдон чыгарганын четке кагууда.

Дагы караңыз

Блогер Жолболдуева журналисттин өлүмүнө байланышкан иш боюнча акталды Молдова Европага ыктап, Орусиядан оолактайбы?Беларус: NEXTA басылмасынын мурдагы башкы редакторуна ырайым берилдиОрусиянын Белгород облусунда кармаш жүрүп жатканы кабарланууда