Тажикстан Сириядагы лагерден 100дөн ашык аял жана баланы кайтарды

Мекенине кайтарылган тажик аялдары. Дүйшөмбү, 21-май, 2023-жыл

Тажикстан "Ислам мамлекети" радикал уюмунун катарында согушкан жоочулардын аялдарын жана балдарын Сириядан мекенине кайтарганын билдирди. «Озоди» радиосу жазганына караганда, Тажикстандын Сирия жана Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода атайын рейс тажик башкалаасына 21-майдын кечинде келгенин, 31 аял жана 73 жашы жете элек бала өлкөгө кайтарылганын билдирди.

Аялдардын көбү Сирия жана Иракка 2014-2016-жылдары күйөөлөрүн ээрчип кеткен. Террордук уюм талкалангандан кийин алар Сириядагы лагерлерге жайгаштырылган.

Тажик Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдугаффор Камол алар реабилитация, дарылануудан өтүү үчүн атайын жайга жеткирилерин айтты. Ал ошондой эле Казакстандын беш жараны да ушул каттам менен келгенин кошумчалады.

Былтыр июлда сириялык лагерлерден Тажикстанга 146 аял менен бала жеткирилген. Ага чейин бийлик ал өлкөдө 500дөй киши бар деп билдирген.

БУУ Сириядагы лагерлерде кармалган жарандарын алып кетүүгө чакырып келатат.

Быйыл 16-февралда "Айкөл" миссиясы аркылуу Сириядан Кыргызстанга 18 аял жана 41 бала кайтарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.