Ошто жаңы салынган тротуарлардын 60% жараксыз деп табылды

Ош шаары. Жаңы төшөлгөн тротуарларды текшерүү учуру. Май, 2023-жыл.

Ош шаардык кенешинин атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясы жаңы төшөлгөн тротуарлардын 60% жараксыз деп тапты.

Бул тууралуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мирбек Маматов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган жолдун сапаты текшерилгенде, айрым жерлеринде чөп чыгып, кээ биринде асфальт урап түшкөнү аныкталды. Комиссия тиешелүү мекемелерге мунун баарын калыбына келтирүү үчүн эки ай убакыт берди.

Калаадагы тротуарлардын баарын оңдоп-түзөө иштери былтыр башталган. Ал кезде шаар мэри Алмаз Мамбетов 2022-жылды "Тротуар жылы" деп атап, республикалык бюджеттен 150 миллион сом, жергиликтүү казынадан 30 миллион сом жумшалган. 70 чакырым аралыктагы 38 жаңы тротуар курула турган болгон.

Ош шаардык мэриясынын Жолдор башкармалыгы жаңы салынган тротуарларды курулушчулардан кабыл ала электигин айтууда.

Тротуарлар пайдаланууга берилбей жатып, жараксыз абалга кептелиши жергиликтүү элдин сын-талкуусуна кабылды. (DSh)

Дагы караңыз

УКМК Сузакта көмүскө иш алып барган медресе аныкталганын билдирди"Казатомпром" компаниясынын экс- жетекчиси Жакишевдин 14 жылдык жаза мөөнөтү аяктадыКемпир-Абад иши: укук коргоочулар ачкачылык кармагандардын абалынан кабар алды