Волгоград шаарында Куранды өрттөөгө байланыштуу шектүү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Тергөө комитети Волгоград шаарында мечиттин жанына туруп алып Куранды өрттөөгө байланыштуу динзарлардын сезимине акаарат келтирүү беренеси менен кылмыш иш козгоду.

«Свобода» радиосу жазганына караганда, шектүү адам кармалды, ал Украинанын атайын кызматына иштеген деп айтышууда. Ишти Чеченстанда териштиришет. Юстиция министри шектүүнү «мусулмандар үстөмдүк кылган» региондогу колонияга жөнөтүүнү сунуш кылды.

Видео Волгоград шаарынын борбордук мечитине жакын жерде тартылган. 11 секундалык ролик орус тилдүү Телеграм каналдарына жайыла баштаган. 20-майда шектүүнү кармоо учуру тартылган видеону Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тартуулады. Маалыматка ылайык, кармалган киши курьер болуп иштеген, Севастополдо туулган 19 жаштагы Никита Журавль.

Тергөөчүлөр ал 19-майда украин атайын кызматынын тапшырмасы менен акчага Куран китебин өрттөгөн деп айтышууда. Тергөө комитети билдиргендей, шектүү күнөөсүн моюнга алганын, кошуна өлкөнүн коопсуздук кызматы үчүн аскердик жайларды тартып жүргөнүн айтты. Ошол эле маалда тыңчылык тууралуу иштин козголгону маалымдалган жок. Бул тууралуу «Кавказ.Реалии» сайты жазды.

Динзарлардын сезимин мазактоо беренесинде үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Курандын Швецияда өрттөлүшүн Украинага каршы согушту актоо үчүн пайдаланган. Ал апрелде Москвада мусулмандардын ыйык китебин өрттөө үчүн Киевди айыптаган. Бирок ал окуяга байланыштуу кимдир бирөөнүн кармалганы маалымдалган эмес.

Украин тараптын соңку айыптоолорго реакция билдиргени же билдирбегени белгисиз.