Аба ырайы: Өткүн өтөт

22-майда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жеолерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17 градус жылыйт.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

АКШ Украинага 357 миллион долларлык жардам беретЭне күткөн жаз, күлгө айланган күйүт Аксыда сел 50 койду агызып, 50дөй үйдүн короосун каптады Кыйноолорго каршы борбор жабык жайларда аял укугу көп бузуларын аныктады