Ошто оюн-зоок борборунда чыккан өрт толук өчүрүлдү, жабыркагандар жок

"Таш-Рабат" оюн-зоок борборунун өрттөнгөндөн кийинки абалы. Ош шаары. 21-май, 2023-жыл.

21-май күнү 8:40 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү "Ташрабат" комплексинин имаратынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан жерге алты өрт өчүрүүчү бригада тартылып, 9:30да толук чектөөгө алынган.

Жалын болжолдуу түрдө имараттын 1300 чарчы метрден ашык жерин каптаган.

Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

31-мартка караган түнү Бишкектеги "Алькони" заводунан өрт чыгып, болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнерге зыян келтирилген эмес.

30-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" соода, оюн-зоок борборунда да өрт чыгып өчүрүлгөн.

24-март күнү Боом капчыгайындагы талаада болжолдуу түрдө 50 гектар аянт өрттөнгөн.(DSh/ZKo)

Дагы караңыз

Токмоктогу компания АКШнын санкциясына илиндиУкраин армиясы Пригожиндин "Бахмутту алганы" тууралуу кабарын четке кактыВладимир Зеленский Жапонияда Нарендра Моди менен жолугуштуАксыда сел жүрүп, чатырларды шамал учурду