Орусиянын Ички иштер министрлиги Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокурору Карим Ахмад Ханды издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу ИИМдин издөө базасына шилтеме берүү менен "Медиазона" басылмасы билдирди.
Прокурордун аты-жөнү сүрөтү менен базага киргизилип, ал Кылмыш кодексинин негизинде изделип жатканы көрсөтүлгөн. Бирок кайсы берене экени жазылган эмес.
Мартта Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоого ордер чыгарган. Алар украин балдарын Орусияга мыйзамсыз депортациялоого шектелүүдө. Орус бийлиги айыптоону чекте каккан жана прокурорго, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.
АКШ жана Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү Эл аралык кылмыш сотунун чечимин колдогон.
Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Эл аралык кылмыш (Гаага) сотунун юрисдикциясын тааныбайт.
Дагы караңыз
Кремль АКШнын 500 жаранына, анын ичинде Обамага Орусияга кирүүгө тыюу салды Батыш тогуз товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга өткөрбөөгө чакырдыБританиянын парламентинин өкүлдөрү “Азаттыктын” иши боюнча кыргыз бийлигине кайрылдыТүркияда шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды