Сот Нью-Йорктогу кол салууга айыпталган Саиповго катаал өкүм чыгарды

Сайфулло Саипов. 2017-жыл

АКШнын соту 2017-жылы Нью-Йоркто теракт аркылуу сегиз кишинин өлүмүнө күнөөлүү деп табылган Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповду сегиз жолу өмүр бою жана 260 жылга эркинен ажыратты. Өкүм 17-майда чыгарылганын АКШнын Юстиция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы Саипов күнөөсүн моюнга алган жок жана терактты “Ислам мамлекети” радикал уюмунун атынан ишке ашырганын айтты. Март айында арачылар соту аны өлүм жазасына тартууну четке каккан. Кылмышкер жаза мөөнөтүн Колорадодогу абакта өтөмөкчү.

Окуя 2017-жылы 31-октябрда Хэллоуин майрамы маалында болгон. Саипов жүк ташыган чакан машине жалдап, Нью-Йорктун Манхэттен районунда велосипед тээп бараткан туристтердин тобун сүзгөн. Каза тапкандардын бешөө аргентиналык, экөө америкалык, бирөө бельгиялык жарандар болчу, 18 киши жараат алган. Саиповду полиция ок атып токтоткон.

Маалыматтарга караганда, ал АКШга 2010-жылы грин-карта утуп алып, көчүп барган жана Огайо, Флоридада жашап, кийин Нью-Жерсидеги туугандарына барган.

Дагы караңыз

Дин эркиндиги: Кыргызстанда кошуналарга караганда абал дурус УКМК Ошто үч бажы кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирдиУкраин бийлиги Киев кайрадан ракета чабуулуна туш болгонун билдирди