Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

18-20-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

19-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

УКМК Ошто үч бажы кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирдиУкраин бийлиги Киев кайрадан ракета чабуулуна туш болгонун билдирдиТөө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө чектөө киргизилдиДепутат Кожокулова Орусияда кыргыз паспорту сатылып жатканын айтты