“Дело №...” басылмасын негиздеген Светлана Красильникова каза болду

Светлана Красильникова.

Бишкекте узакка созулган оорудан кийин “Дело №...” басылмасынын негиздөөчүсү жана бир нече жыл баш редактору болуп иштеген Светлана Красильникова каза болду.

Бул тууралуу 24.kg сайты маркумдун жакындарына шилтеме берип жазды. 73 жашында дүйнө салган Светлана Красильникова менен коштошуу зыйнаты 19-майда өтөт.

“Дело №...” гезитинин биринчи саны 1991-жылдын 7-мартында жарык көргөн. Кыргызстандагы көз карандысыз алгачкы басылмалардын бири катары гезит эл арасында көп окулган. Негиздөөчүлөрү - журналисттер Виктор Запольский жана Светлана Красильникова.

Акыркы жылдары эл аралык жана бейөкмөт уюмдарды сындаган макалаларды көп чыгарган басылма 2021-жылдын 26-майынан тарта кагаз түрүндө гезит чыгарууну токтотуп, сайтын гана иштете баштаган. (BTo)

Дагы караңыз

Сурабалдиева Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок экенин айттыСадыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуштуДепутат Көкүлов өкмөттүн туристтик сезонго даярдыгын сындадыЧемпиондор лигасынын финалисттери аныкталдыАбактагы Кара-Мурзанын аялы жолдошуна басым болуп жатканын айтты