Ошто Дүйнө эпосторунун эл аралык фестивалы башталды

Ош шаарында өтүп жаткан Дүйнө эпосторунун 7-эл аралык фестивалы. 17-май, 2023-жыл.

17-майда Ош шаарында Дүйнө эпосторунун 7-эл аралык фестивалынын расмий ачылышы болду. Бул жолку фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев төрт күнгө белгиленген иш-чарага 30дан ашык өлкөдөн симпозиумдун катышуучулары, фольклор таануучулар жана окумуштуулар, 20га жакын мамлекеттен эпос айтуучулар келгенин билдирди.

Фестивалдын ачылыш аземинде “Түрксой” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев фестивалдын негизделиши, анын ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз уланып жатканы тууралуу айтып, долбоордун координатору Дамира Алышбаевага “Түрксой” уюмунун сыйлыгын тапшырды.

Жетинчи жолу катары менен Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы 20-майга чейин уланат. Анда илимий-тажрыйбалык симпозиумдар, ар кандай тарыхый-маданий көргөзмөлөр, сынактар өтөт.

Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы 2021-жылы сентябрда Бишкекте өтүп, бул иш-чара эгемендиктин 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган.

Эл аралык фестиваль 2006-жылы дүйнөлүк оозеки мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары башталган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуштуДепутат Көкүлов өкмөттүн туристтик сезонго даярдыгын сындадыАбактагы Кара-Мурзанын аялы жолдошуна басым болуп жатканын айттыЧемпиондор лигасынын финалисттери аныкталды