Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашууда тоннелдеги оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу 19-майдан баштап автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы 18-майда билдирди.
Мындай чектөө тоннелдин ичиндеги электр зымдарын алмаштыруу, дубалды сырдоо жана оңдоп-түздөө үчүн киргизилди.
Буга байланыштуу саат 05:00дөн 08:00гө чейин, 10:00 - 12:00, 14:00-16:00 аралыгында жол жабык болот. Чектөө болжол менен 28-майга чейин күчүндө болот.
Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Майдын башында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо-түзөө иштери жүрөрүн билдирген.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.
Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын аны "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган. (MKt)
Дагы караңыз
Сурабалдиева Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок экенин айттыСадыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуштуДепутат Көкүлов өкмөттүн туристтик сезонго даярдыгын сындады