18-майга караган түнү (Бишкек убактысы боюнча) англиялык “Манчестер Сити” футбол клубу испаниялык “Реал Мадридди” жарым финалда 4:0 эсебинде утуп Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Эки клубдун биринчи беттеши Испанияда болуп 1:1 эсеби менен бүткөн. Жыйынтыгында жалпы эсеп 5:1 болду.
17-майга караган түнү италиялык эки клуб – “Интер” менен “Милан” ойноп “Интер” 1:0 менен уткан. Эки оюндун жыйынтыгында “Интер” 3:0 эсебинде жеңишке жетип финалга чыккан.
Финал 11-июнда Түркиянын Atatürk Olympic Stadium стадионунда өтөт деп күтүлүүдө. Чемпиондор лигасы - Европа футбол биримдигинин ири клубдук турнири. (BTo)
Дагы караңыз
Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны 10 жылга кесилди БУУ: Алдыңкы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жететКазакстан менен Кытай визасыз режим тууралуу макулдашууга кол коюштуАтлантика кеңеши: АКШнын мурдагы элчисин ууландырууга Орусиянын катышы болушу мүмкүн Украинадан дан экспорттоо келишими эки айга узарды