Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы атышууда медресе курчоого алынганы тууралуу маалыматты четке какты.
Муфтияттын басма сөз кызматы окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгонун, медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын маалымдады.
Маалыматка караганда, министрлик менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери террорчулукка шек саналган адамды кармоо операциясын өткөрүшкөн. Шектүү кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн.
Саламаттык сактоо министрлиги Дмитриевка айылындагы атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алганын кабарлады. Бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланат. Жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жеткирилди.
Айрым сайттар атышуу айылдагы медреседе болуп жатканын жазышкан.(BTo)
Дагы караңыз
Дмитриевкадагы атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алдыИИМ Дмитриевкада террорчулукка шек саналган адам жок кылынганын билдирдиAmnesty International: былтыр дүйнөдө 883 адам өлүм жазасына тартылганЧүйдүн Дмитриевка айылында атышуу болгону кабарландыБокс: Мунарбек Сейитбек уулу - Кыргызстандын эгемен тарыхындагы биринчи медалдын ээси Жейми Флай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенттигинен кетет