ИИМ Дмитриевкада террорчулукка шек саналган адам жок кылынганын билдирди

Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорго шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында, министрлик менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери террорго шек саналган адамды кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөткөн.

Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери барды. Ушул тапта тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Атайын операция боюнча кошумча маалымат берилет.

Социалдык тармактарга атышуулар болуп жатканы тартылган видеолор тараган. Саламаттык сактоо министрлиги эки укук коргоо кызматкери жараат алганын, бири Улуттук госпиталга жеткирилерин билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Amnesty International: былтыр дүйнөдө 883 адам өлүм жазасына тартылганЧүйдүн Дмитриевка айылында атышуу болгону кабарландыБокс: Мунарбек Сейитбек уулу - Кыргызстандын эгемен тарыхындагы биринчи медалдын ээси Жейми Флай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенттигинен кетет Казак бийлиги "Вагнерге" кошулуу кылмыш экенин дагы бир жолу эскертти