Пакистанда көмүр кенин талашуудан чыккан кагылышта 16 киши каза болду

Дара Адам Хел районундагы көмүр казган жер. Иллюстрация.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагындагы көмүр кенин талашуудан жаралган куралдуу кагылышта 16 киши мерт болуп, үчөө жараат алды.

Полициянын басма сөз кызматы “Азаттыктын” Пакистан кызматына билдиргендей, Дара Адам Хел районунда жергиликтүү Суннит-хел жана Заргун-хел урууларынын ортосунда атышуу болду.

Эки уруунун өкүлдөрү ондогон жылга созулган талаш-тартышты чечүү максатында чогулганда чыр тутанган.

Көмүр - бул райондогу тургундардын маанилүү киреше булагы.

Дагы караңыз

"Бүтүн Кыргызстан" акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековду сунуштадыКаза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнчү 21 миллион сом кенемте талкууга айландыСадыр Жапаров быйыл тышкы карызга 48,6 млрд. сом төлөнө турганын айтты"Үстүмдө чатыр болсо". Үйгө муктаждардын үнү