Украинанын Жогорку Сотунун төрагасы 2,7 млн. доллар пара менен кармалды

Всеволод Князев

Украинанын Жогорку Cотунун төрагасы Всеволод Князев 2,7 миллион доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу билдирди.

Украин президентинин аппарат башчысынын кеңешчиси Сергей Лещенко муну бышыктады.

Жогорку Сот Князевдин камалышына байланыштуу кыска билдирүү таратып, 16-майда кезексиз жыйын болорун маалымдады.

Всеволод Князев бул кызматта 2021-жылдын 1-декабрынан бери иштейт.

Март айында Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту Днепр шаарынын Киров райондук сотунун мурдагы судьясына өкүм чыгарган. Ал опузалап, 30 миң доллар пара алган деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Февралда аймактык коргонуу кызматкери миллион доллар пара менен кармалганы кабарланган.

Дагы караңыз

Жаңы-Өзөндө мурдагы мунайчылар бийликке кайрадан кайрылуу жолдоштуВенгрия Европа Биримдиги Украинага бөлгөн 500 миллион еврого бөгөт койдуКиев түндө ракета менен жапырт аткылоого кабылды