Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл райондук соту Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасына 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чечим 2015-жылы чыккан. Маалыматка ылайык, райондук соттун судьясы ушул эле иш боюнча материалдык пайда алуу үчүн ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары боюнча эки мыйзамсыз чечим кабыл алганы аныкталган.
УКМК Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин белгиледи. Иликтөө иштери улантылууда.
“Рояль бич” мейманканасы жана райондук сот атайын кызматтын маалыматы тууралуу комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
Акыйкатчы институту бул кызматка дагы бир талапкер сунуштадыКаза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнчү 21 миллион сом кенемте талкууга айландыУкраина: Бахмут менен Марьинка согуштун очогу бойдон калуудаТажикстан сатып алган Мексика президентинин учагы Дүйшөмбүгө келди