Тажикстанда жети жумушчу канализациялык люкта ууланып каза болду

Тажикстандын Пенжикент шаарында жергиликтүү Суу чарба коммуналдык башкармалыгынын жети жумушчусу болжол менен күкүрттүн суутегине ууланып каза тапты. Дагы бири реанимацияда жатат.

Маалыматка караганда, окуя 13-мартта, иш учурунда Пенжикенттеги көчөлөрдүн биринде болгон.

Согд облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Окуянын чоо-жайын тиешелүү органдар текшере баштады.

Дагы караңыз

Түркия: Эрдоган алдыда, бирок шайлоо экинчи айлампада чечилиши мүмкүнЛюдмила Молдалиеванын "Мен-кыргызмын" китеби жарык көрдүУкраина Бахмутта ондон ашык позицияны кайтарып алганын кабарлады