Зеленский Орусия менен Беларустун 200дөй ишканасына санкция киргизди

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен Беларустун коргонуу тармагындагы 200 ишканасына, ошондой эле алар менен байланышы бар жүздөгөн адамдарга каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Украина президентинин расмий сайтында жарыяланган документтерде айтылат.

Ага ылайык, чектөөлөргө "Роскосмос", орус Коргоо министрлигинин Борбордук илимий-изилдөө институту, "ГЛОНАСС", "Технолог" атайын конструктордук-технологиялык бюросунун федералдык ишканасы кирген.

Бул тизмеге Беларустун "Дисплей" конструктордук бюросу, "Локомотив-сервис", "БелАЗ", "Пеленг" жана "Гомсельмаш" баштаган 17 ишканасы киргизилди.

Зеленский бекиткен санкциялык пакеттин биринде, Кипрде жана Британиянын Виргин аралдарында жайгашкан Орусия менен байланышы бар оффшордук компанияларга чектөөлөр бар.

Украинанын президенти Орусиянын 13 жаранына жана өлкөнүн алдыңкы металлургиялык ишканаларынын бири болгон "Запорожстальды" көзөмөлдөгөн 28 юридикалык фирмага чектөө койду.

Санкциялар 5-10 жылга киргизилүүдө. Ал активдерге жана соода операцияларына бөгөт коюуну, Украинанын аймагы аркылуу транзиттик жана жүк ташууну токтотууну, лицензияларды жокко чыгарууну, келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салууну, ошондой эле технологияларды жана интеллектуалдык менчик укуктарын өткөрүп берүүнү карайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте оркестр жамааттарынын республикалык сынагы жыйынтыкталдыПрезидент Жапаров Ленин районунан депутаттыкка талапкерлер менен жолуктуӨзбекстанда Экологиялык партия президенттикке талапкерин көрсөттүБашкы прокуратура: Курсант кыздын өлүмү боюнча негизги шектүү кармалды