УКМК: "Мурас" мүнүшкөр борбору 7 млн. сомдон ашык зыяндын ордун толтурду

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Мурас" мүнүшкөр борбору мамлекетке 7 милилон 700 миң сомдук зыян келтиргени аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталаган уюм 2020-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылында президенттин иш башкармалыгына караштуу "Аңчылык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айылында бак-дарактар мыйзамсыз кыйганы, жайыт жерлердин топурактарык иштеткени аныкталган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Мурас" борборунун жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө, 7 миллион 700 миң сом зыян келтирилгени такталды. Бул акча толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду",-деп жазылган маалыматта.

Аталган уюм буга байланыштуу комментарий бере элек.

"Мурас" куш таптап, аңчылык менен алектенген адамдардын бирикмеси. 2018-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 200дөй мүнүшкөр алгыр куш багат. Алардын ичинен 100 киши мамлекеттик агенттиктен "А" жана "Л" категориясындагы мергенчилик күбөлүгүн алган.

Дагы караңыз

АКШ түштүк чек арасын мыйзамсыз миграциядан коргоону күчөттү Байсалов өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы турарын билдирди ИИМ: эки айда мас абалында машина айдагандар дээрлик 50% азайды АКШ Түштүк Африка республикасын Орусияга курал жөнөтүүгө айыптадыТөрөбаев кытай элчиси менен "Бедел" өткөрмө бекетин ачууну талкуулады Украинага контрчабуул үчүн өнөктөштөрү 575 танк, 28 учак берди