Синоптиктердин маалымдашынча, 12-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Талас, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24.
Бишкек шаарынла түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30° ысыйт.
Дагы караңыз
Баткен: курулуш материалдарын саткандардын дооматы териштирилетАрмения менен Азербайжандын чек арасында атышуу болдуФинансы министрлиги: жээк бекемдөө, селден коргоого 198,5 млн. сом бөлүндү ТИМдин өкүлү Кыргызстанда орус тилине эч кандай каршылык болбосун айттыТалибдердин тыюусуна карабай апийим айдагандар көбөйдүОрусиянын түрмөсүнөн Украинадагы согушка тартылган дагы бир кыргызстандык каза болду