Финансы министрлиги: жээк бекемдөө, селден коргоого 198,5 млн. сом бөлүндү

"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер казак тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.

Финансы министрлиги быйыл дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине жалпысынан 198,5 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

"Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелерине (өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга) 100 миллион, аталган министрликтин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигине 98,5 миллион сом берилди. Белгилей кетсек, бул каражат Бюджет мыйзамында каралып, жыл сайын бөлүнөт. Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык, Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 миллион сом бөлүндү",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө кыйла аз акча бөлүнгөнү белгилүү болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги казак тарапта калган гектарлаган жерлер маселесинен улам быйыл Чүй дарыясынын беш жерине дамба куруу чүн 177 миллиондой сом суралганын билдирген.

Кыргыз өкмөтү жана президенттин администрациясы Чүйдүн жээгин бекемдөөгө эмнеге кыйла аз акча бөлүнгөнү тууралуу комментарий бере элек.

"Азаттык" 20-апрелде"Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин кемирип, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Чүй дарыясы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү маселелерди көтөргөн. Анда өкмөт дарыянын жээгин бекемдөөгө акча бөлүп бере электигин сынга алып, чек арага көңүл буруу керектигин эскерткен.

"Казакстан тарап өздөрү жактагы дарыянын жээгин бекемдеп, биздин жээктер болсо жуулуп, жүздөгөн гектар жер алар тарапта калыптыр. Жакында эле "Азаттыктын" иликтөөсү чыкты, аны көрдүңөр. Бул жерде жок маселени маселе кылып, "каалаган суммадагы акчаны бөлүп беришибиз керек, ушул маселе биринчи орунда турат, ушуну чечмейинче өнүгүүбүз токтоп калат", деп отурабыз. Ошол эле маалда жүздөгөн гектар жерибизди коңшу өлкөгө берип жатабыз, анткени бюджетте акча жок деп отурабыз. Ал жерде бюджеттен акча бөлүнсүн дептир, бирок акча берилбептир. Ушундай конкреттүү көйгөйлөрдү чечкенге үйрөнүшүбүз керек да. Мына, жээктер азыр деле корголо элек. Февраль айынан тартып эле бекемдей берсе болот экен. Биз дагы бир жылды өткөрүп жатабыз. Дагы канча жер агып кетет. Эң негизги көйгөйлөр ушулар да",-деген Көкүлов.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.


Иликтөөнү төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.