Ошто быйыл "социалдык келишим" 2,5 миңден ашык адам менен түзүлдү

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат.

Ош облусунда быйыл "социалдык келишимдин" негизинде 100 миң сомдон 2612 адамга берилди. Былтыр болсо акчаны 350 адам алган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев кабарлады. Ал Фейсбуктагы баракчасына бир катар райондордо келишимдин алкагында жасалып жаткан иштерге мониторинг жүргүзүлгөнүн жазды.

"Ноокат, Кара-Суу, Араван райондорунда ишкердикке багыт алган жарандарыбыздын аткарып жаткан жумуштары, келечек пландары жана көйгөйлүү маселелери менен таанышып, айрым маселелерди чечүү боюнча чечимдерин карадык. “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында мал чарбачылыгы, кийим тигүү, соода-сатык, дыйканчылык жана калкты тейлөө багытындагы чакан бизнестер ишке ашырылууда",-деди Толтоев.

"Социалдык келишим" долбоору президенттин демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда. Былтыр 2800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.

Бул долбоордун катышуучусу "Үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай аралыкта жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу.

Дагы караңыз

Баткен: курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты Казак тарапта калган жер көйгөйү: Чүйдүн жээгин бекемдөөгө аз акча бөлүндү ЖКда "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу сунушу четке кагылды УКМК "Кыялдагы" коррупциядан улам алты адам кармалганын кабарлады Казак тарапта калган жер маселеси: Чүй дарыясына жумушчу топ барат