Киев Москвадагы парадга катышкан лидерлерди сындады

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвадагы парадга барган лидерлер менен, 9-май, 2023-жыл. 

9-майда Украинанын тышкы иштер министрлиги Москвадагы парадга барган айрым мамлекеттердин лидерлерин “Украинага карай адеп-ахлаксыз жана достукка жатпаган кадамын көрсөттү” деп сындады.

“Борбор Азиянын жана Кавказдын элдери 78 жыл мурда нацизмди жеңүүгө теңдешсиз салым кошкон. Алар Кремлдин жасалма оюнуна тартылбашы абзел эле, анткени алар андан жогору турат” - деп жазылат билдирүүдө.

Москвадагы парадга лидерлери катышкан бир да мамлекет, анын ичинде Беларус дагы Орусиянын Украинанын аймактарын аннексиялап алганын тааныган эмес. Ошол эле учурда Москванын кадамын да айыпташкан эмес жана БУУда Украинага байланыштуу маселелерде добуш берүүдөн карманат.

Кызыл аянтта өткөн Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парадга Беларустун авторитардык башчысы, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери, Армениянын өкмөт башчысы катышты.

Параддын ачылышында сүйлөгөн Владимир Путин Орусияга каршы «согуш ачылганын» айтып, бул үчүн «Батыштын глобалдык элитасын» күнөөлөдү. Ал ошондой эле «Донбассты коргоп, өз өлкөсүнүн коопсуздугун сактай аларына» ишендирди. Путин парадга келген мамлекет башчыларына ыраазычылык билдирди.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр коңшусуна каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын чабуулу алдында Европа күнү белгиленди Маалымат саясаты жана коопсуздук. Бишкек Москванын жолоюна түшөбү? Путин Грузия менен түз аба каттамдарына чектөөнү жана виза режимин алды