Талдоочулар Москвадагы парадда аскердик техника аз болгонун айтышты

"Искандер" ракеталык комплекси Кызыл аянттагы парадга чыгарылды. 9-май, 2023-жыл.

Москвада өткөн Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парадга быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыраак техника чыгарылды. Бул тууралуу талдоочу Оливер Александер Твиттерге жазды. Анын эсебине караганда, быйыл Кызыл аянттан 51 даана техника өткөн. Былтыр алардын саны 131 болсо, 2021-жылы 197 аскердик машине парадга тартылган.

Жүрүш 45 мүнөткө созулду. Мурунку жылдары 9-майдагы иш-чаранын убактысы бир жарым саатка созулчу.

Александер жана башка талдоочулар быйылкы парадга заманбап танктар чыгарылбаганын да белгилешет.

Парад Украинадагы согуш уланып жаткан маалда өттү. 9-майдын таңында да орус армиясы Украинанын аймагын ракета менен аткылады. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышууда. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Быйыл Орусиянын 20дай аймагында, анын ичинде оккупацияланган Крымда коопсуздуктан улам майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жок.