Орусиялык армия Харьковду ракета менен аткылады

Харьков шаары, архивдик сүрөт.

Украинанын дээрлик бардык аймагында 9-майга караган түнү абадан эскертүү жаңырды. Киев шаары менен Киев облусунда таңга маал бир канча жолу жарылуу болду. Жергиликтүү басылмалар бир жардыруу өзгөчө катуу болгонун жазышты.

Киевдин аскердик администрациясы аны абадан коргоо системаларынын иштеши менен байланыштырды жана тургундарды абадан эскертүү аяктаганга чейин коопсуз жайга жашынып турууга чакырды.

Орусиялык күчтөр 8-майдын кечинде Харьков шаарын жана Харьков облусун ракета менен аткылады. Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов С-300 үлгүсүндөгү ракета кеминде алты жолу атылганын билдирди. Жараат алып, жабыркагандар болгон-болбогону такталып жатат.

Ошондой эле Днепропетровск жана Сумы облустары дагы бир канча жолу аткыланганы кабарланды.

Дүйшөмбүдө, 8-майга караган түнү Украинанын бир топ аймактарында түнү бою абадан эскертүү берүү токтогон эмес жана ал күндүз дагы уланган. Киевдин мэри Виталий Кличко Орусия согуш ачкандан бери шаарга дрондор менен эң көп чабуул жасалганын билдирген. Борбор калаада күйүүчү май сакталган жай жабыркаган. Одессада кампа өрттөнүп, анын кароолчусу мерт болгон.

Дагы караңыз

Пулитцер сыйлыгы украиналык журналисттерге ыйгарылды АКШ Мексика менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөтөт Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды Нукус окуялары: камалгандар менен Акыйкатчынын өкүлдөрү жолуктуЕвропа Комиссиясынын башчысы Киевге расмий сапар менен баратОш шаарындагы "Өлбөс полк" жүрүшүнө Акылбек Жапаров катыштыСадыр Жапаров: Жеңиш күнүнө жетүүгө Кыргызстан чоң салым кошкон Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү башталды