Пулитцер сыйлыгы украиналык журналисттерге ыйгарылды

Пулитцер сыйлыгын АКШдагы Колумбия университети ыйгарат.

Журналисттер арасында эң жогору саналган быйылкы Пулитцер сыйлыгы украиналык үч кабарчыга берилди. Комитеттин сайтындагы маалыматка ылайык, видеожурналист Мстислав Чернов, фотограф Евгений Малолетка жана видеопродюсер Василиса Степаненко сыйланды.

Associated Press агенттигинин кабарчылары Чернов менен Малолетка бул сыйлыкты негизинен орусиялык аскерлердин курчоосунда калган Мариуполдогу абалды чагылдырганы үчүн алган. Алар тарткан кадрлар дүйнөлүк медиаларда көрсөтүлгөн.

"Эл аралык репортаж" наамындагы сыйлык Бучадагы орус армиясынын аскердик кылмыштарын чагылдырганы үчүн The New York Times басылмасына берилди.

Пулитцер сыйлыгын АКШдагы Колумбия университети ыйгарат. Ал дүйнөдө журналистика тармагындагы эң престиждүү сыйлык болуп саналат. Анын биринчи лауреаты 1917-жылы америкалык журналист Герберт Своуп болгон. Ал сыйлыкты The New York World газетасындагы "Германия империясынын ичинде" аттуу макалалардын сериясы үчүн жеңип алган.

Дагы караңыз

Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды Нукус окуялары: камалгандар менен Акыйкатчынын өкүлдөрү жолуктуЕвропа Комиссиясынын башчысы Киевге расмий сапар менен баратОш шаарындагы "Өлбөс полк" жүрүшүнө Акылбек Жапаров катыштыСадыр Жапаров: Жеңиш күнүнө жетүүгө Кыргызстан чоң салым кошкон Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү башталды