Орусиянын эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктарын ачуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү 8-майда кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул эки шаардагы башкы консулдуктар Кыргызстандын жарандары Орусияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ачылууда.

Кыргызстандын 1 млн ашуун жараны Орусияда эмгек миграциясына экени айтылып келет.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тышкары Москва, Екатеринбург шаарларында башкы консулдуктары бар. Новосибирск шаарында вице-консулдук иштейт.(ZKo)

Дагы караңыз

Эрдоган бийликтеги 20 жылдан кийин оппозицияга уттурабы? Кытай жана Борбор Азия башчылары эмки аптада саммитке чогулатПрезиденттик “Манас” оркестринин дирижеру бир нече музыкант менен чогуу иштен кеткенин билдирди Беш жыл от кечип, жапон согушун жеңген Мамасалы атаМосквада Садыр Жапаров менен Путиндин жолугушуусу болду