Маңзат сатууга шек саналып кармалган эки аскер кызматкери 18-июлга чейин камакка алынды. Биринчи Май райондук сотунун 7-майдагы чечимине ылайык, алар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу аталган соттун кеңсесинен "Азаттыкка" маалымдашты.
Мурдараак Коргоо министрлигинин эки офицери маңзат сатууга шектелип, кармалганын, аларды 6-майга караган түндө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашканын "Азаттыктын" жеке булактары кабарлаган.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, кармоо учурунда аскер кызматкерлери качууга аракеттенип, милиция курал колдонгон. Шектүүлөр жооп иретинде ок чыгарып, каршылык көрсөтүшкөн.
ИИМдин басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек. Коргоо министрлиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (ZKo)
Дагы караңыз
Москвада Садыр Жапаров менен Путиндин жолугушуусу болду Талибдердин тыюусуна карабай апийим айдагандар көбөйдү"ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу өчүрдү Эрдоган бийликтеги 20 жылдан кийин оппозицияга уттурабы? Казакстандын президенти Токаев Москвадагы парадга катышат