Зеленский 8-майды нацизмди жеңген күн катары белгилөөнү сунуш кылды

Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-майды Эскерүү жана Экинчи дүйнөлүк согушта нацизмди жеңген күн катары белгилөөнү сунуш кылган мыйзам долбооруна кол койду. Тиешелүү документ парламентке жиберилди.

"Дүйнө элинин көбү нацизмдин үстүнөн жеңиштин улуулугун 8-майда эскерип жатат. Дал 8-майда дүйнө согушта өмүрү кыйылгандардын баарын эскерет. Дал 8-майда вермахттын капитуляциясы тууралуу акт күчүнө кирген. Агрессор азыр башка болсо да, анын максаты ошондой эле — кул кылуу же жок кылууну көздөйт. Биз жеңебиз! Биздин Жеңиш күнүбүз — Украинанын жеңиши болот", - деп айтты Зеленский видео кайрылуусунда.

Украин президенти ошондой эле 9-майды жыл сайын Европа күнү деп белгилөө тууралуу буйрукка кол койду.

2015-жылдын мартында ал кездеги президент Петро Порошенко 8-майды Эскерүү жана жарашуу күнү катары белгилөө буйругуна кол койгон. 9-май - Экинчи дүйнөлүк согушта нацизмди жеңүү күнү бойдон калган.

Дагы караңыз

Транспорт министрлиги: Нарын шаарында быйыл 44 көчө оңдолот "ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу өчүрдү "Өлбөс полк" жүрүшүнөн улам 9-майда Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылатСадыр Жапаров менен Вячеслав Володин орус тил маселесин талкуулады