Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматына Чүйдүн Достук айылынын бир нече тургуну кайрылган.
Алар Пригородное айылдык кеңешинин депутаттарынын бири суу өткөрүп берүүнү убада кылганын, 3,5 миң сомдон чогултуп алганын, ишти аягына сапаттуу чыгарбай, коркутуп-үркүтүп жатканын айтып беришкен.
“Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголду. Ишти Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тергеп жатат”, - деп билдирди ИИМ.
Мекеме шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, андан жабыркаган башка да адамдар болсо арыз менен кайрылуу керектигин эскертти. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, буга чейин башка иштер боюнча да жоопко тартылганы аныкталганын кошумчалады.
Шектүүнүн жактоочулары же тарапкерлери милициянын билдирүүсүнө байланыштуу азырынча комментарий бере элек. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстанда согуштун ардагерлери 100 миң сомдон жардам алыштыОрусия Киев жана Одессага дрон, ракеталар менен чабуул жасадыПрилепин жардыруу болгон машинаны өзү айдап баратканын билдирди "Ооба, мен баскынчымын". Туткундан кутулуп, кайра согушка