WP: Киев контрчабуулга ашыкча үмүт артуудан чочулайт

Алексей Резников, Германия. 21-апрель, 2023-жыл.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Киевдин контрчабуулуна "дүйнө ашыкча үмүт артып жатканын”, бул “эмоционалдык көңүл калууга” алып келиши ыктымал экенин The Washington Post гезитине курган маегинде билдирди. Басылмага Резников апта башында маек куруп, 6-май күнү кечинде жарыяланды.

“Батыш өнөктөштөрүбүз жаңы ийгиликтин керек экенин айтышат. Ийгилик канчалык маанилүү болорун - он, отуз, жүз, эки жүз километрби, аны айталбайм”, – деп билдирди ал.

Ал эми украин президенти Владимир Зеленский Post гезитине берген интервьюсунда: "Көпчүлүк адамдар чоң бир нерсени күтүп жатышат" деп, Украина "өнөктөштөр менен макулдашылган курал-жарак толукталгандан кийин” контрчабуулга даяр болорун билдирди. Зеленский Орусия ээлеп алган кайсыл аймак болбосун кайтарууну ийгилик деп эсептерин кошумчалады.

The Washington Post гезити Киевдин баштапкы ийгилиги - Керчь кысыгындагы көпүрөнү талкалоосун, аннексияланган Крымдагы орус аскердик базаларын обочолонтууну жана Запорожье облусундагы орус аскерлерин маанилүү жолдордон кесүүнү атаса болот деп эсептейт.

Былтыр февралда Украинага кол салганда орусиялык армия ири аймактарды ээлеп алууга жетишкен. Ошол эле жылдын жазында алар Киевдин жанынан жана түндүк облустардан чегинүүгө аргасыз болгон. Күзүндө украиндер Харьков облусунун бир нече жерин кайтарып алган. Орусиялык аскерлер Херсон шаарын жана облустун кээ бир райондорун калтырып кеткен.

Украинанын контрчабуулу тууралуу бир нече айдан бери айтылып келатат. Соңку маалыматтарга караганда, операция майда же жайдын алгачкы айларында башталышы ыктымал.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин орус тил маселесин талкуулады Петербургда кармалган 60ка чукул эмгек мигранты депортацияланатКонгодо суу каптоодон кеминде 287 киши каза таптыОоганстанда мурдагы судьяны атып кетиштиСирия 12 жылдан кийин кайрадан Араб лигасына кошулду