Орусиялык истребител эл аралык мейкиндикте польшалык учакка тоскоолдук жаратты

Орусиялык Су-35 истребители. Иллюстрациялык сүрөт

Орусиялык Су-35 истребители эл аралык мейкиндикте польшалык L410 Turbolet учагына тоскоолдук түзүп, коркунуч жараткан аралыкка жакындаган. Польшанын чек ара кызматы жекшембиде билдиргендей, алардын учагы Евробиримдиктин Frontex чек ара көзөмөл агенттигинин миссиясынын алкагында 5-майда Кара деңизде күзөттө жүргөн. L410 Turbolet учагын румыниялык экипаж башкарып бараткан.

Румыниянын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө орус учкучтарынын аракеттери турбуленттүүлүктү жогорулатып, польшалык учакты башкарууда олуттуу кыйынчылыктарга алып келгени айтылат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун румын кызматы маалымдады.

Бухарест орус учкучтарынын аракеттерин кабыл алынгыс жана агрессивдүү деп атады. Румын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Су-35 учагынын маневрлеринен улам польшалык учак ылдыйлоого мажбур болуп, бирок аэропортко аман-эсен конгон. Эч ким жабыркаган жок.

Окуяда НАТОнун Торрехондогу базасында Румыния аба күчтөрүнүн эки согуштук учагы жана Испаниянын эки аскердик учагы күжүрмөн даярдыкка келтирилди.

Румыния окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Frontex жана Польша менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Украинага басып киргенден бери орусиялык истребителдер Кара деңиз үстүндө Еврошаркеттин жана НАТОнун учактарына жакындаган, кооптуу жагдай түзгөн учурлар кайталанып келет.

Бухаресттин жана Варшаванын билдирүүлөрүнө Москва азырынча комментарий бере элек.