Евгений Пригожин "Вагнерге" курал-жарак берилерин билдирди

Евгений Пригожин.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Бахмуттагы согушту улантуу үчүн анын жоочуларына курал-жарак, ок-дары берилерин билдирди. Анын Телеграм-каналга жарыяланган кайрылуусунда "вагнерчилер" менен Коргоо министрлигине генерал Сергей Суровкин ортомчулук кылары белгиленген.

Буга чейин Пригожин 10-майда анын жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгып кетерин жарыялаган. Мындай чечимге ок-дарылардын жетишсиздиги жана оор жоготуулар себеп болгонун белгилеген.

Мындан көп өтпөй, 6-майда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, атайын даярдыктагы “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүнгөн.

Пригожин буга чейин да Украинанын Бахмутту басып алууга аракеттенип жаткан "вагнерчилерде" курал-жарак жетишсиз экенин айтып чыккан. Украина бул согушта орусиялык күчтөр күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап жатканын билдирип келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

  • “Вагнер” компаниясы – менчик бейрасмий аскердик түзүм. Компанияны Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп таанып, Пригожинди "кара тизмеге" киргизген.
  • "Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Дагы караңыз

Техаста соода борборундагы кол салууда тогуз адам мерт болду Садыр Жапаров расмий сапар менен Орусияга кеттиКрым жарым аралына дрондор менен чабуул жасалганы кабарланды Парламент курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт Судандагы касташкан тараптар түз сүйлөшүү үчүн Сауд Арабиясына келди Чек ара кызматы "Ак-Жол" бекетиндеги тыгын жөнүндө түшүндүрмө берди Туткун айырбаштоо: Украина Орусияга үч учкучту өткөрүп берди Кадыров Путинден “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүндү