Парламент курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт

Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен курултай өткөн.

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жалпы жыйында “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт.

Өткөн айда бул долбоорду даярдап жаткан жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөн. Анда парламенттин басма сөз кызматы жергиликтүү, райондук жана шаардык курултай өткөрүү тууралуу жоболорду кыскартуу, делегаттардын санын 1070тен 700гө азайтуу макулдашылганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган.

Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн элдик курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров расмий сапар менен Орусияга кеттиЧек ара кызматы "Ак-Жол" бекетиндеги тыгын жөнүндө түшүндүрмө берди Туткун айырбаштоо: Украина Орусияга үч учкучту өткөрүп берди Кадыров Путинден “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүндү