Президент Садыр Жапаров 7-майда расмий сапар менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы кабарлады.
“Сапардын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүү өтөт. Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт. Ошондой эле, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган. Мындан сырткары ал 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат”,- деп жазылган маалыматта.
Садыр Жапаровду коштоп кеткен делегациянын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев , Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бар.
Буга чейин Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышуу үчүн” Москвага келип кетүүгө чакырганы белгилүү болгон.
Рахмон 2021-жылдын 9-майында Москвадагы парадга келген жалгыз чет элдик лидер болгон. 2022-жылы, Орусия Украинага согуш ачкандан кийинки 9-майдагы аскердик парадга бир дагы чет элдик президент же өкмөт башчы барган эмес.
Дагы караңыз
Чек ара кызматы "Ак-Жол" бекетиндеги тыгын жөнүндө түшүндүрмө берди Туткун айырбаштоо: Украина Орусияга үч учкучту өткөрүп берди Кадыров Путинден “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүндүЗахарова Прилепин бараткан машинадагы жарылуу үчүн АКШны айыптадыЧек ара кызматы казак тарап транзиттик тилкени тосконун ырастады