Орусияда машинадагы жарылууда жазуучу Захар Прилепин жараат алды

Захар Прилепин 2014-жылдан бери Украинага каршы пикирлерин билдирип келет.

Орусиянын Нижний Новгород шаарында жазуучу, пропагандист Захар Прилепин бараткан Audi Q7 үлгүсүндөгү машинада жарылуу болду. Бул тууралуу алгач айрым Телеграм-каналдар жазып чыкты. Жарылуу тууралуу ТАСС маалымат агенттиги дагы билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, машинанын айдоочусу мерт болуп, жазуучу жараат алды, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Прилепин Орусияда белгилүү жазуучулардын бири, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Ал "Справедливая Россия - за правду" партиясынын лидерлеринин бири катары да таанымал.

Прилепин 2021-жылы Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, бирок мандат алуудан баш тарткан. Жазуучу 2014-жылдан бери Украинага кескин каршы экенин билдирип келет жана өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчилдер тарапта согушка дагы катышкан. Былтыр күзүндө жазуучу Росгвардиянын курамында Украинага каршы согушка кайра кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.

Жарылуу тууралуу маалыматты расмий бийлик өкүлдөрү азырынча ырастай элек.

  • Ушул жылдын 2-апрелинде Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жардыруу болуп, аскердик кабарчы Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт болгон. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жатканы кабарланган. Жардырууда жабыркаган 30 адамдын 24ү ооруканага жаткырылган. Татарский Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, кремлчил пропагандачы катары таанылган. Орусиянын мамлекеттик каналдары жардырууну 26 жаштагы жергиликтүү тургун - Дарья Трепова жасаганын маалымдашкан.
  • Былтыр август айында машинадагы жарылуудан улам орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызы Дарья Дугина каза болгон. Москва бул окуяга байланышуу Киевди айыптаган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кылмышка шек саналып Украинанын эки жараны кармалганын кабарлаган. Украина дооматты четке каккан. Александр Дугин - “орус дүйнөсүнүн” идеологдорунун бири, ал орус аскерлерин Украинага киргизүүнү жана анын дээрлик бардык аймагын басып алууну жактаган. Дугиндин демилгелери Кремлдин саясатына таасир этет деп эсептешет. Дарья Дугина атасынын идеялары менен бөлүшүп, коомдук иштер менен да алектенген. Атасы менен бирге ал Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген.

Дагы караңыз

Алимова Шакиевдики деген каттан улам УКМКга сурак бергенин айтты Бишкектеги жол кырсыгында комага түшкөн окуучу бала өзүнө келди Лондондо британ падышасы Чарльзды такка отургузуу жөрөлгөсү өтөт Украина Орусиянын "Кинжал" ракетасы атып түшүрүлгөнүн ырастадыАк-Талаа: Орто-Сырт жайлоосуна кеткен жолду кар күрткүдөн тазалоо улануудаБишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы баннерлер жөнүндө түшүндүрмө берди