"Политклиника" басылмасынын редактору Дилбар Алимова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу каты деген документке байланыштуу атайын кызматка сурак берди. Ал бул тууралуу 6-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды жана суракты телефондон бергенин тактады.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев спикердин мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу делген кат жалган экенин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына мындай маалымат төраганы "жаманатты кылуу үчүн" таратылып жатканын жазган.
“Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Нурланбек Шакиевдин фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо. Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Төраганын атын жаманатты кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз”,-деп жазды Деркембаев.
Мунун алдында Шакиевдин башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазган каты деген сүрөт тараган. Анда “мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде сот органдарынын сайтынан алып салуу жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу” өндүү өтүнүч болгон.
Шакиев Бакиев бийликте турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген жана ага кеңешчи дагы болгон.
Февраль айында Дубайда Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин катышканы талаш-талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, "Жапаровдун мурдагы президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок" экенин билдирген.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.
Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон.
Соттун чечими менен Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.
Дагы караңыз
Бишкектеги жол кырсыгында комага түшкөн окуучу бала өзүнө келди Министр Текебаев Төө-Ашуудагы тоннел быйыл оңдолорун билдирди Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы баннерлер жөнүндө түшүндүрмө берди Казакстанда окуучулардын "Артек" лагерине жөнөтүлүшү талкуу жараттыАк-Талаа: Орто-Сырт жайлоосуна кеткен жолду кар күрткүдөн тазалоо уланууда