Лондондо британ падышасы Чарльзды такка отургузуу жөрөлгөсү өтөт

Британ падышасы Чарльз III.

Британиянын борбору Лондон шаарында 6-майда падыша Чарльз IIIтү такка отургузуу жөрөлгөсү өтөт. Би-Би-Синин ырасташынча, ал 1066-жылдан бери мындай жөрөлгөдөн өтүп жаткан 40-монарх болуп калмакчы. Британ падышасынын жубайы Камилла дагы бул күнү ханыша-консорт катары такка отурат.

Азем Букингем сарайынан башталып, Вестминстер чиркөөсүндө аяктайт. Ага 200гө жакын аскер кызматкери түздөн түз катышат. Андан сырткары миңдей аскер кызматкери жол бойлой кыдырата тизилип турат.

Такка отургузуу жөрөлгөсүнө 200дөн ашуун өлкөдөн 2 миңден көп адам чакырылган. Маалыматтарга караганда, 100дөй өлкөдөн жогорку даражалуу коноктор катышат. Бул салтанатка Орусиянын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Вестминстер чиркөөсүндөгү жөрөлгөдөн кийин Чарльз III кайра барган жолу менен Букингем сарайына кайтып келет жана падышанын үй-бүлөсү резиденциянын жанына чогулгандарга балкондон учурашат.

73 жаштагы Чарльз III Улуу Британиянын тарыхында башкаруунун башына келген учурдагы эң улгайган монарх болуп калды. Анын энеси ханыша Елизавета II былтыр 8-сентябрда Шотландиядагы Балморал сепилинде каза болгон.

Дагы караңыз

Украина Орусиянын "Кинжал" ракетасы атып түшүрүлгөнүн ырастадыАлтынбек Деркембаев спикер Бакиев тууралуу кат жазбаганын билдирдиМинистр Текебаев Төө-Ашуудагы тоннел быйыл оңдолорун билдирди Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы баннерлер жөнүндө түшүндүрмө берди Казакстанда окуучулардын "Артек" лагерине жөнөтүлүшү талкуу жараттыАк-Талаа: Орто-Сырт жайлоосуна кеткен жолду кар күрткүдөн тазалоо уланууда