Дүйшөмбү шаардык соту 10 жылга соттолгон журналист Далер Имомалинин апелляциялык арызын төрт айдан бери карай элек. Бул тууралуу журналисттин жакындары "Азия-Плюс" басылмасына билдиришти.
Алардын айтымында, журналист Шохмансур райондук сотунун Имомалини 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнө каршы шаардык сотко даттанган.
Далер Имомали – Тажикстанда 2022-жылы кармалган сегиз журналист жана блогердин бири.
Ал өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга, "мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн" жана "кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат берген" деп айыпталган.
Буга чейин Далер Имомали президент Эмомали Рахмондун атына кат жолдоп, анын ишин кароодо олуттуу жана одоно мыйзам бузуулар болгонун, ал тагылган айыптарды жана соттун өкүмүн тааныбай турганын билдирген.
Дагы караңыз
Rest Point: ажатканага байланган туризм жана ага корогон акчаЖМК жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын автору "Манас" ордени менен сыйландыПутин Рахмонду 9-майда Москвага келип кетүүгө чакырды