Швециянын прокуратурасы Stram Kurs партиясынын ультра-оңчул активисти Расмус Палуданды сыртынан камакка алганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Палудан быйыл январдагы акцияларда Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык Куран китебин өрттөгөн. Учурда ал Данияда жүрөт.
Швед басылмалары кабарлагандай, Палуданга карата улут аралык кастыкты козутуу фактысы менен тергөө жүрүп жатат. Ал Швецияга суракка чакырылган, бирок баруудан баш тарткан. Швеция бийлиги Дания полициясынын жардамы менен Палудан коңшу өлкөнүн аймагында суракка алынышы мүмкүн экенин билдирди.
Активист өзү Aftonbladet басылмасына курган маегинде Даниядан видеобайланыш аркылуу сурак берүүгө даяр экенин айткан.
Ал быйыл 21-январда Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушу жаатындагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куран китебин өрттөгөн. Анкара Стокгольм менен Хельсинкиге Түркияда терроризмге шек саналып жаткан күрд активисттерин өткөрүп берүү шартын койгон.
Түркия Финляндиянын НАТОго киришине макулдук берди. Азырынча Швеция боюнча чечим кабыл алына элек.
Швед басылмалары Палуданга Куранды өрттөө кеңешин журналист жана кремлчил активист Чанг Фрик бергенин жазышкан. Маалыматка караганда, Фрик ага бул акцияга байланышкан бардык чыгымдарды төлөп берүүнү кепилдеген.
Дагы караңыз
Түркиядагы шайлоо: Кыргызстандагы түрк жарандары добуш берүүдө“Таманнефтегазтагы” өрттүн кесепети тартылган сүрөттөр жарыяландыСадыр Жапаров ФИФАга ыраазычылык билдирдиПутин Рахмонду 9-майда Москвага келип кетүүгө чакырды