Түркмөн бийлигин сындаган активисттин апасына өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Хамида Бабажанова

Түркмөнстандык активист, өзбек тектүү Хамида Бабажанованын апасы ажылык сапарга чыга албай калды. 73 жаштагы аял Меккеге баруу үчүн көп жылдан бери акча топтоп жүргөн. Виза жасатып, билет сатып алгандан кийин түркмөн бийлиги ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Бабажанова түркмөн бийлигинин апасына каршы аракеттери анын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт.

Расмий Ашхабад чет өлкөлөрдө жашаган активисттерди ооздуктоо үчүн алардын жакындарын коркутуп-үркүтүү ыкмасын колдонуп келет. Бул үчүн өлкөдөн чыгууга тыюу салуу гана эмес, жумуштан бошотуу жана мүлкүнөн ажыратуу тажырыйбалары да колдонулары айтылып келет.

Түркияда жашаган Хамида Бабажанова түркмөн бийлигин сындап, бул өлкөдө болуп жаткандарды дүйнөгө кабарлап жүргөн активисттердин бири.

Дагы караңыз

Кремлге "кол салуунун" артындагы сыр "Ынтымак" телеканалынын бир күн мурда дайындалган жетекчиси кызматтан кетти"Баш мыйзамды бийлик баш болуп сакташы керек". Конституцияга 30 жыл