Ооганстан менен чектеш жерде Пакистандын алты жоокери согушкерлердин колунан каза болгонун Исламабад 4-майда жарыялады. Буга жоопкерчиликти суннит жоочулары алды.
Кандуу окуя кышында 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган мечиттеги жардыруудан улам Пакистан бийлиги согушкерлерге каршы жаңы күрөш жарыялагандан кийин болду.
30-январда Пешавар шаарындагы полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитте бешим намазы учурунда жардыруу болгон.
Имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти өзүн жардырганда 100дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган.
Дагы караңыз
Meta Грузиянын өкмөтүнө тиешеси бар баракчаларды өчүргөнүн жарыяладыОрусия Одесса жана Киевге дрон менен сокку урдуЗеленский: Гаага сотунда башка Владимирди көргүм келет