Жети жылда "Кыйноо" беренеси менен эч ким соттолбогону белгилүү болду

Иллюстрациялык сүрөт.

2014-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда бир да адам "Кыйноо" беренеси менен соттолгон эмес. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Жогорку Соттун маалыматтарына таянып билдирди.

Ага ылайык, иликтөөлөр кыйноо боюнча кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу же актоо чечими менен аяктай турганын көрсөткөн.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго 2022-жылы 82 жарандан арыз түшкөн. Булардын ичинен 51 адам күч органдары кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айтып даттанышкан. Эки арыз боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши дайындалса, сегиз иште кыйноо фактысы далилденбегени маалымдалган.

"Иликтөөлөр көрсөткөндөй, "Кыйноо" фактысына даттануулардын 62% кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. 9% арыздагы даттануулар тастыкталбаганы маалымдалса, 3% өндүрүштөн кыскартылган. Көпчүлүк учурларда кыйноонун изи сүрөт, медициналык корутундуларда, күбөлөрдүн сөзү менен далилденип турса да, өндүрүштөн кыскартылган", - деп жазылган билдирүүдө.

Кыйноолордун алдын алуу борбору "Кыйноо" беренеси боюнча өтө аз өлчөмдө сотко өткөн иштер болгону менен, аягына чейин барып, өкүм чыккан учурлардын жоктугу - кыйноого кабылган адамдардын иши натыйжалуу тергелип, иликтенбесин ачыктап турганын белгилөөдө.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы "Кыйноо" беренеси менен 12 адамдын үстүнөн козголгон төрт кылмыш ишинин экөө сотто каралууда.

Кылмыш кодексинин 137-беренеси ("Кыйноолор"), 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен айыпталып, соттолгон адамдар үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.(ZKo)

Дагы караңыз

Meta Грузиянын өкмөтүнө тиешеси бар баракчаларды өчүргөнүн жарыяладыОрусия Одесса жана Киевге дрон менен сокку урдуЗеленский: Гаага сотунда башка Владимирди көргүм келет АКШ элчилиги Абдрахматованын кызматтан кетишине тынчсыздануу билдирдиБишкек-Бээжин: визасыз жүрүүнүн артыкчылыгы жана тобокелдигиЖакупова өкмөт "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамын өзгөртүп кереги жок деп чечкенин билдирди