Чек ара аймактарында аялдарды колдоого багытталган долбоор ишке ашырылууда

Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

“Аялдар тынчтык үчүн” долбоору Баткен районунун чек арадагы төрт айыл аймагында тогуз ай иштейт. Бул тууралуу демилгечилердин бири, “Баарлашуу, ишеним, укук” коомдук фондунун аткаруучу директору Назгүл Алдашева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын маалыматына караганда, долбоордун алкагында аялдар тынчтык куруу боюнча лидерликке, бизнес-долбоорлорду, жергиликтүү тынчтык демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында окутулат.

Долбоордун максаты - кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардан жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

"Тандалып алынган 30 кыз-келин ишкерликтин жол-жобосун үйрөнүшөт, ишти баштоо үчүн каржылык колдоолор да көрсөтүлөт. Алар чек ара чыр-чатагында жабыркаган үй-бүлөдөн, аярлуу топтогу көп балалуу, жалгыз бой эне, аз камсыз болгон үй-бүлөдөн тандалат. Ошондой эле алардын бизнес баштоого ынтызарлыгы, кошумча жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү, реалдуу ишке аша турган бизнес идеясына да көңүл бурулат",- деди Алдашева.

Долбоор Search for Common Ground (Жалпы кызыкчылыктар) уюмунун Аялдар, Тынчтык жана коопсуздук көйгөйлөрүнө ыкчам жооп берүү фонду (WINS RFF) тарабынан каржыланат.

2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы ондогон адамдын өмүрүн алган кандуу кагылыштардан улам Баткен облусундагы ондогон айыл-кыштактарынын эли коопсуз жакка көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Учурда алардын үч миңдейи кайтып бара электиги кабарланган.(JsA)

Дагы караңыз

"Ынтымак" телеканалынын бир күн мурда дайындалган жетекчиси кызматтан кетти"Аймакта театрды колдогон меценаттар жок"Пакистандын башкы дипломаты он эки жылда биринчи жолу Индияга бардыОрусияда бюджеттин тартыштыгынан ички авиакаттамдар токтотулуудаОрусиянын армиясы Киев менен Одессага сокку урду