Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари соңку 12 жылда биринчи жолу Индияга барды. Ал 4-5-май күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын саммитине катышат.
"Машаал" радиосу билдиргендей, жолугушуулар Гоа курорттук аймагында болот.
Пакистандын тышкы иштер министри акыркы жолу Индияга 2011-жылы барган.
Гималайдагы Кашмир аймагындагы талаштан улам эки өлкөнүн мамилеси көп жылдан бери чыңалып турат.
Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан 2001-жылы негиздешкен. 2017-жылы ююмга Индия менен Пакистан кошулган. 2022-жылы Иран мүчө болгон.
Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.
Бул уюм коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатын көздөйт.
Дагы караңыз
Орусияда бюджеттин тартыштыгынан ички авиакаттамдар токтотулуудаУкук коргоочу Ирина Матвиенко коркутуудан улам Өзбекстандан чыгып кеткенин билдирди Орусиянын армиясы Киев менен Одессага сокку урду