ЖК жашырылган мүлктү мыйзамдаштырууга жол ачкан долбоорду колдоду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда адамдардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам долбоорлору бүгүн 4-майда Жогорку Кеңеште колдоо тапты. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун 56 депутат колдоду, экөө каршы добуш берди.

Министрлер кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар жана айрым жарандык коом өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташкан. (RK)

Дагы караңыз

УКМК "Туризмди колдоо фондуна" козголгон кылмыш иши боюнча маалымат бердиУкук коргоочу Ирина Матвиенко коркутуудан улам Өзбекстандан чыгып кеткенин билдирди Исабеков Беларуста кармалып турган унаалардан күмөндүү документ табылганын билдирдиӨзбекстандан Кыргызстанга жер астынан жол казгандар камалды